"Борбор-2026" машыгуусу: Аскерлер тоолуу шартта көндүмдөрүн чыңдашты

Коом 119 13 Август 2026 10:50
771909486_1455218399839522_9081789349019281793_n.jpg
768145073_1665266835185451_3217170402215556147_n.jpg
768258404_1729554461525998_4322659542456216823_n.jpg
770388218_2554224261755096_6376748242467689671_n.jpg
772218376_1416121970428530_1726964803090505445_n.jpg
772510804_1540368181226465_3120612364715486375_n.jpg
772894599_1833439024703621_4601659440165617659_n.jpg
772938746_967528639692757_6561163399756545851_n.jpg
773541678_2279393312817996_2943849324588105016_n.jpg
774026063_27100336722974474_3961713140284864048_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Күн мурун "Борбор-2026" биргелешкен тактикалык окуусунун алкагында 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун базасында аскер кызматчылары менен ок атуу жана тоо даярдыгы боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгуунун жүрүшүндө аскер кызматчылары тоолуу аймакта АК-47 автоматын колдонуу менен ок атуу көндүмдөрүн өркүндөтүштү. Анда ок атуу позицияларын туура тандоого, куралдан так атууга жана өздүк курамдын аракеттерин бирдиктүү уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, тоо даярдыгы боюнча сабактарда аскер кызматчылары аркан менен ылдый түшүү боюнча практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты. Көнүгүүлөр атайын жабдууларды жана колдо болгон каражаттарды колдонуу менен тоолуу шартта коопсуз жүрүү жана табигый тоскоолдуктардан өтүү көндүмдөрүн жогорулатууга багытталды.

Практикалык сабактардын негизги максаты — тоолуу аймакта аскердик аракеттерди жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу, аскер кызматчыларынын жеке даярдык деңгээлин жогорулатуу жана кызматтык милдеттерди аткарууда өздүк курамдын аракеттеринин бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу.