Борбор калаадагы көмүр менен иштеген отказандар жылуулук насосторуна өткөрүлүүдө

Коом 982 28 Февраль 2025 09:50
481045232_1065446435631210_4746752278414003543_n.jpg
480969801_1065446385631215_1557472044040528755_n.jpg
481048419_1065446535631200_8205299046175857597_n.jpg
480751356_1065446445631209_3821614273122827126_n.jpg
481296123_1065446428964544_5399532593260307348_n.jpg
481270212_1065446448964542_5393477273744831114_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын "Новопавловка" МАБнын аймагындагы №118 мектепке кубаттуулугу 360 кВт болгон 18 бирдик жылуулук насостору орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Бишкек шаарынын мэринин орун басары Талайбек Байгазиев жана "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын директору Улан Айтиев жаңы коюлган жабдууларды текшерди.

Белгилей кетсек, аталган жылуулук насостор "Бишкекжылуулукэнергонун" отканаларына биринчи жолу орнотулууда. Азыркы учурда шаардын билим берүү уюмдарындагы төрт отканага 48 бирдик жылытуучу насостор орнотуу стадиясында.

Негизинен, жылуулук насосунда керектелген электр энергиясы төмөнкү отундарды алмаштыра алат: көмүр, жаратылыш газы жана суюк отун.

"Иштер, борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.