Болгону 2-3 айда курулду: Курулуш министри жаңы имаратты ачты

Коом Жүктөлүүдө... 09 Июль 2026 12:30
WhatsApp_Image_fHMi64B.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_nOMPCMk.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_iorvyLe.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_8zhDfRS.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_mdaRG11.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_jksZRFg.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_8p4h0yf.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_Wdv3qbs.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_e8hJT4w.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_zlEdzLw.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.07.26 /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.

Маалыматка ылайык, эгемендүүлүк алгандан бери департаменттин административдик имараты болгон эмес. Заманбап курулуш технологиялары колдонулган үч кабаттуу жаңы имарат 2-3 айдын ичинде пайдаланууга берилди.

Анда кызматкерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Инспекторлор үчүн иш бөлмөлөрү, жарандарды кабыл алуу үчүн “Бирдиктүү терезе” кызматы жана ыңгайлуу заманбап кызматтык жайлар уюштурулган.

Министр жаңы имараттагы шарттар менен таанышып жатып, кызматкерлер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөргө жогорку баасын берди. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууда заманбап инфраструктуранын маанилүү экенин белгиледи.

Нурдан Орунтаев өз сөзүндө буга чейин министрликтин бир дагы түзүмдүк бөлүмүндө мындай деңгээлдеги административдик имарат болбогонун айтты. Анын айтымында, учурда өлкө боюнча Курулуш министрлигинин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн имараттарын жаңылоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.