Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекзат Саттархановдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште 1 алтын, 2 коло медалга ээ болушту.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Казакстандын Түркстан шаарында өттү.
54 кг чейинки салмакта Милана Шихшабекова мелдештин жеңүүчүсү аталды. Ошондой эле 60 кг чейинки салмак категориясында Аделя Асылбек кызы коло медалга ээ болду. Эркектер арасында 63.5 кг чейинки салмакта Дилербек Садиров 3-орунду ээледи.
Курама команда башкы машыктыруучу Рустам Есенкуловдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.