Блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин түзүлүшү – бул келечектүү тармакка мамлекеттин стратегиялык мамилеси – серепчи

Санарип Кыргызстан Загрузка... 04 Май 2025 16:16
ZqNBz-dBVI_V9B0pkMU.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.05.25. /Кабар/. Президентке караштуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологиялары чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешти түзүү – бул динамикалуу өнүгүп жаткан тармакка мамлекеттин стратегиялык мамилесин көрсөткөн өз убагында жасалган маанилүү кадам. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине көз карандысыз экономикалык серепчи Кубан Чороев билдирди.

Анын айтымында, бул 2022-жылы "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышы менен башталган аракеттердин логикалык уландысы болуп саналат, ал укуктук негизди түптөөгө жана рыноктун олуттуу өсүшүнө өбөлгө түздү.

"Бирок, мен жогоруда белгилегендей, бул технологияларды экономикага интеграциялоо баштапкы этапта турат жана чыныгы жагымдуу чөйрөнү түзүү үчүн мындан аркы биргелешкен иш-аракеттер талап кылынат", - деп баса белгиледи серепчи.

Ошондой эле ал Кыргызстандын олуттуу потенциалы бар экенин, бирок аны ишке ашыруу тең салмактуу мамилени талап кыларын белгиледи.

"Жаңы Кеңеш инновацияларды стимулдаштыруу, инвестицияларды тартуу, тобокелдиктерди азайтуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо үчүн зарыл болгон жөнгө салууну камсыз кылуунун ортосунда кылдат тең салмактуулукту табышы керек, ошол эле учурда тармакты баса турган кадамдарга жол бербеши зарыл. Санариптик сом долбоору боюнча ишти тездетүүгө, коопсуздук жана инфраструктура маселелерин кылдаттык менен иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруу керек", - деди Чороев.

Мындан тышкары, экономикалык талдоочу ийгиликтин негизги фактору санариптик тактап айтканда, калктын жана мамлекеттик кызматкерлердин крипто сабаттуулугун жогорулатууга басым жасоо болорун айтты.

"Бул алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу жана санариптик ажырымды жоюу үчүн гана эмес, ошондой эле жакынкы жылдарда блокчейн-технологиялары алып келе турган каржы секторундагы өзгөрүүлөргө коомду даярдоо үчүн зарыл", - дейт ал.

Кубан Чороевдин пикиринде, Кеңештин ишинин натыйжалуулугу анын мамлекет, бизнес жана коомдун ортосундагы диалогду түзө алуусунан, Кыргызстандагы бул келечектүү тармакты туруктуу өнүктүрүү үчүн ырааттуу жана терең ойлонулган саясатты камсыз кылуусунан көз каранды.