Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы геопорталды тез жана арзан иштеп чыгууга жардам берет - Абдиев

Санарип Кыргызстан 10 сентябрь 2026 14:45
5f39.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webpquality-65.webp
5f39.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webpquality-65.webp
Алдыга
Артка
5f39.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webpquality-65.webp
5f39.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webpquality-65.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.09.26 /Кабар/. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуу Кыргызстанга геомейкиндик маалыматтар чөйрөсүндө, анын ичинде жаңы геопорталды түзүүдө чечимдерди тезирээк жана аз чыгым менен иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин санариптик трансформация башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Абдиев билдирди.

Анын айтымында, Евразия мейкиндигиндеги маалыматтар инфраструктурасы боюнча эл аралык конференция жыл сайын ар кайсы өлкөлөрдө өткөрүлүп келет. Быйыл конференция 12-жолу уюштурулуп, демилгеге сегиз мамлекет катышууда.

“Ар бир өлкө конференцияда өзүнүн тажрыйбасы жана билими менен бөлүшөт. Тигил же бул маалыматтарды жана технологияларды системаны өнүктүрүү үчүн кантип колдонсо болорун талкуулайбыз”, - деди ал.

Абдиев белгилегендей, тажрыйба алмашуу өлкөлөргө бардык чечимдерди нөлдөн баштап иштеп чыкпоого мүмкүндүк берет.

“Ар бир өлкөнүн өз жолу бар, бирок технологиялар болжол менен бирдей. Ошондуктан биз тажрыйба алмашабыз”, - деп белгиледи ал.

Абдиев жаңы геопорталды иштеп чыгуу үчүн техникалык тапшырманы даярдоо иштерин мисал келтирди.

“Портал үчүн техникалык тапшырманы жазуу үчүн көптөгөн эксперттерди тартуу зарыл, бул өз учурунда чоң каражатты талап кылат. Эгер буга чейин бул жолду басып өткөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонсок, иштеп чыгуу арзаныраак жана тезирээк болот”, - деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле Абдиев Түштүк Кореянын тажрыйбасын өзгөчө белгиледи. Ал жерде геопортал 10 жылдан бери өнүктүрүлүп келет.

“Аларда бул портал 10 жылдан бери иштеп, тынымсыз өнүктүрүлүп жатат. Бизде да бир нече портал бар, бирок азыр өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында жаңы портал иштелип жатат”, - деп билдирди ал.