Бизнеске жеңилдик: Накталай эмес төлөмдөрдү текшерүү токтотулду

Экономика Загрузка... 22 Январь 2026 17:29
IMG_0638-1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата төлөм жабдууларын колдонуу боюнча, анын ичинде POS-терминалдар, электрондук капчыктар жана QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууда салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча рейддик салык контролун жана контролдук сатып алууларды жүргүзүү убактылуу токтотулганын маалымдайт.

Ведомстводон билдиришкендей, электрондук капчыктар жана QR-коддор аркылуу операцияларды жүргүзүүдө ишкердик үчүн атайын банктык эсепти колдонуу талаптары боюнча көзөмөл да убактылуу токтотулат.

Бул чечим 2026-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болуп, төмөнкүлөрдүн негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулат:

  • 0 жана 0,5 пайыздык ставкалары менен бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;
  • патенттин негизинде;
  • өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөндөргө;

Ошол эле учурда мораторий төмөнкү субъекттерге жайылтылбайт:

  • салыктык каттоосуз же патенттин негизинде салык төлөбөстөн иш жүргүзгөндөргө;
  • уюмдардан же жеке жактардан даттануулар, арыздар түшкөн, ошондой эле тергөө органдарынын токтомдору бар болгон субъекттерге;
  • салыктардын, анын ичинде жалданма кызматкерлер боюнча салыктарды төлөбөгөндүгү тууралуу тастыкталган маалыматтар же талдоолор бар болсо;
  • акциздик маркалардын болушун текшерүү бөлүгүндө акциздик товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыргандарга.

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлердин арасында төлөм жабдууларын колдонуу, анын ичинде POS-терминалдар, электрондук капчыктар жана QR-коддор боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдүү улантат.