Кыргызстанда ишкерлерди колдоо жана бизнес жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүүгө багытталган салык системасын масштабдуу реформалоо уланууда. 2025-жылдан тартып президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен бир катар чаралар ишке ашырылып, алар байкаларлык экономикалык натыйжаларды жана бюджетке түшүүлөрдүн өсүшүн көрсөтүүдө. Өлкөдө 2025-жылдан бери салык саясатын либералдаштыруу жана администрациялоону санариптештирүү боюнча комплекстүү чаралар ишке ашырылууда. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов "Кабар" агенттигине билдиргендей, реформанын негизги максаты — чакан жана орто бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Анын айтымында, негизги кадамдардын бири санариптик механизмдерди киргизүү болду. Алсак, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз киргизилип, "нөлдүк" отчеттор жоюлду. Ошондой эле транспорт салыгын өзүнчө төлөө милдети жоюлуп, ал жол фондуна кошулган.

Мындан тышкары, жеке жарандар, чакан жана орто бизнес субъекттери үчүн декларация тапшыруу милдети жоюлду. Бардык отчеттор электрондук форматка өткөрүлүп, бул ишкерлер үчүн административдик жүктөмдү бир кыйла азайтты.
Реформалардын алкагында ишкердикти жүргүзүүнүн жаңы механизмдери киргизилди. Ишкерлерге көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуп, жалпы система боюнча салык төлөө же патенттин негизинде иштөөнү тандоо мүмкүнчүлүгү берилди. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлүнүн айтымында, мындай мамиле мыйзам түрүндө бекитилип, либералдуу мүнөзгө ээ.
Рахманов ошондой эле чакан бизнести колдоого өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи. Кыргызстанда колдонулган уникалдуу чара катары, эгер компаниянын жылдык соода жүгүртүүсү 15 млн сомдон ашпаса, нөлдүк салык ставкасы колдонулат. Бул ишкердикти өнүктүрүүгө жана бизнеске болгон каржылык жүктү жеңилдетүүгө багытталган.

"Реформалар байкаларлык натыйжаларды бере баштады. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча салыктык түшүүлөрдүн 136 пайыздык өсүшү катталып, бул рекорддук көрсөткүч болуп калды. Бийлик муну салыктык тартиптин жогорулашы жана бизнес үчүн ачык-айкын шарттардын түзүлүшү менен байланыштырууда.
Чогултулган каражаттар өлкөнү өнүктүрүүгө жумшалып, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда, ошондой эле бюджеттик чөйрөдө эмгек акылар жогорулатылууда. Атап айтсак, апрель айынан тартып дарыгерлердин жана мугалимдердин айлык акысын 100 пайызга жогорулатуу пландалууда", — деп баса белгиледи ал.
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүү жана автоматташтыруу багытындагы ишин улантууну көздөйт. Негизги милдеттердин бири салык органдары менен ишкерлердин ортосундагы түз байланышты азайткан системаларга өтүү.

"Ошондой эле бизнеске текшерүү жүргүзүүгө мораторий киргизилди, ал ушул жылдын аягына чейин иштейт. Бул чечим ишкерлерге, өзгөчө чакан жана орто бизнес чөйрөсүндөгүлөргө болгон басымды азайтууга багытталган. Муну менен катар тобокелдикке багытталган ыкмага негизделген салыктык көзөмөлдөө түзүмү киргизилүүдө. Текшерүүлөр мыйзам бузуу коркунучу бар субъекттерге карата гана жүргүзүлүп, бул көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана ак ниет салык төлөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө ашыкча кийлигишүүнү азайтууга мүмкүндүк берет”, - деп кошумчалады Рахманов.
Реформалардын негизги стратегиялык максаты салык органдарын бизнести колдоого жана жардам берүүгө багытталган сервистик түзүмгө трансформациялоо.
Ошентип, жүргүзүлүп жаткан реформалар Кыргызстандын салыктык администрациялоонун ийкемдүү жана заманбап моделине өтүп жатканынан кабар берет. Ишкерлер үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүү, процесстерди санариптештирүү жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу экономиканын өсүшүнө жана өлкөдө салыктык туруктуу маданияттын калыптанышына шарт түзүүдө.