Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. "Кабар" маалымат агенттигине экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков президент Садыр Жапаровдун Египетке жасаган расмий сапарынын алкагында өткөрүлгөн бизнес жолугушуунун жыйынтыктары боюнча айтып берди.
Эскерте кетсек, 4-5-ноябрда президент Садыр Жапаров өлкө көз карандысыздыкка ээ болгондон бери Египетке жана Африка континентине биринчи расмий сапарын жасады. Сапардын жыйынтыгында экономика, банк иши, айыл чарба, билим берүү, энергетика жана диний иштер тармактарын камтыган сегиз эки тараптуу документке кол коюлду.
Сыдыковдун айтымында, бизнес-форумдун негизги максаты эки өлкөнүн ортосундагы өкмөттүк жана бизнес өкүлдөрүнүн деңгээлиндеги мындан аркы экономикалык кызматташтык үчүн бекем пайдубал түзүү болду.
“Форум соода, инвестиция жана инновация жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн платформа түзүү максатын көздөдү. Бир катар келишимдерге кол коюлду, анын ичинде соода-экономикалык, социалдык, гуманитардык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссияны түзүү тууралуу өкмөттөр аралык келишим да бар”, - деп белгиледи министр.
Ошондой эле форумдун жүрүшүндө өз ара соода жана ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө багытталган келишимдерге жана меморандумдарга да кол коюлду. Тараптар экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, компаниялар менен ишкерлер ортосунда түз байланыштарды түзүштү. Жакында Бишкекте биринчи өкмөттөр аралык жолугушууну өткөрүү пландалууда.
Бакыт Сыдыков белгилегендей, Кыргызстан менен Египеттин ортосундагы сооданын учурдагы көлөмү азырынча потенциалды толук чагылдырбай турганын баса белгиледи.
“2025-жылдын алгачкы сегиз айында өз ара соода көлөмү болжол менен 7 млн долларды түздү — бул анча чоң эмес көрсөткүч. Бирок мен жетишилген келишимдердин аркасында кызматташуу активдүү өнүгөт деп ишенем. Египет 120 миллиондон ашык калкы бар рынок. Бул потенциалды толук ачуу үчүн иштешибиз керек”, - деди ал.
Министр ошондой эле туризм жана энергетика жаатындагы кызматташуунун келечегин белгиледи.
“Кыргызстан өзүнүн жаратылышынын кооздугу жана климаты менен египеттик туристтерди өзүнө тарта алат, ал эми кыргызстандыктарды Египеттин бай тарыхый жана маданий мурасы менен таанышуу кызыктырат. Мындан тышкары, Египет инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу тажрыйбага ээ, андыктан биз бул тармактарга египеттик өнөктөштөрүбүздөн инвестиция күтөбүз”, - деп кошумчалады Сыдыков.