Бишкек, 09.07.26 /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерге арналган кереге кеңеште улуттук баалуулуктарды сактоо жана кийинки муундарга өткөрүп берүү азыркы коомдун негизги милдеттеринин бири экенин баса белгиледи.
Анын айтымында, жазуу пайда боло электе эле кыргыздар эне тилин кийинки муундарга оозеки чыгармачылык аркылуу жеткирип келишкен.
“Кыргыздарда жазуу али жарала элек мезгилдерде да кыргыз тили оозеки чыгармачылык аркылуу муундан муунга өтүп келген. География тууралуу айта турган болсок, көчмөн эл дайыма дарыялардын, тоолордун, ашуулардын жана чокулардын аттарын жакшы билген, аларды багыт алуу үчүн колдонгон”, — деди ал.
Койчиевдин айтуусу боюнча, бүгүнкү күндөгү негизги көйгөйлөрдүн бири айрым жаштардын эне тилине жана улуттук баалуулуктарга карата кайдыгер мамилеси.
“Бүгүнкү күндүн көйгөйү кээ бир жаштардын өз тилине жана улуттук баалуулуктарга болгон кайдыгер мамилеси. Ошондуктан бүгүнкү иш-чараны тарыхый мааниге ээ деп айтууга болот. Биздин милдет — кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын өнүктүрүү, сактоо жана кийинки муундарга өткөрүп берүү”, — деп баса белгиледи мамлекеттик катчы.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз тили, Тарых жана География сабактары боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстердин мазмундук, идеялык жана усулдук багыттарын талкуулоого арналган кереге кеңеш өтүүдө.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар улуттук баалуулуктарды, мамлекеттик саясатты жана билим берүүнүн заманбап талаптарын эске алуу менен жаңы окуу китептерин даярдоо маселелерин карашууда.