Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Дубайда мейманканада учак күтүп 5 күн жаттык, бирок кыйынчылык жаралган жок. Бул тууралуу Оман аркылуу өлкөгө кайтып келген кыргызстандык Сабира Мансурова билдирди.
Ал жарандарды чет жакка калтырбай, өлкөгө кайтып келүүлөрүнө мүмкүнчүлүк түзүп бергендерге ыраазычылыгын айтты.
“Дубайдан аман-эсен келдик. Президент Садыр Жапаровго чоң алкыш айтабыз. Бизди башка жакка, бөтөн элге калтырбай, эки учак менен баарыбызды алып келди. Дубайга эс алганы барганбыз. Мейманканада 5 күн жаттык. Ичкен-жегенибизди толугу менен акысыз кылышты. Эч кандай кыйынчылык жаралган жок. Элчилик менен улам байланышып турдук. Алар жардам берип жатышты. Биз менен чогуу келип, учакка билет алгычакты жүрүштү. Жардам бергендердин бардыгына рахмат”, - деди ал.