Биз Курманжан датка менен Томиристин жолун улаган урпактарбыз - Саида Мирзиёева

Коом Загрузка... 21 Август 2025 09:52
WhatsApp Image 2025-08-21 at 09.41.01.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.25 /Кабар/. Биз Курманжан датка менен Томиристин жолун улаган урпактарыбыз. Бул биздин жалпы сыймыкка, күчкө жана биргелешкен жеңиштерге толгон тарыхыбыз. Бул ойду күн мурун борбор калаада өткөн "Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер" форумунда сөз сүйлөп жатып Өзбекстандын президенттик администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева билдирди.

Ошондой эле ал өз кайрылуусунда эки өлкөнүн айымдары багынтып жаткан ийгиликтерине, жетишкендиктерине муну менен бирге эле аларга жүктөлгөн оор милдеттерге, тагдыр-турмушуна, адам укуктарына жана анын ичинде кыздар кабылып жаткан зордук-зомбулуктарга басым жасап өттү.

“Мен ар дайым башка аялдардын ийгиликтеринен шыктанам. Бүгүн силерге көз жүгүртүп, чоң сыймыктануу сезимин башымдан өткөрүп жатам. Силер адамдардын жашоосун өзгөрткөн жана өз мекендештеринин тагдырына таасир эткен инсандарсыңар”, - деди ал.

"Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер" форуму илим жана билим берүү, медицина, маданият, искусство, спорт жана ишкерлик тармагындагы көптөгөн лидер айымдардын башын бириктирди. Ага ошондой эле коңшу Өзбекстан өлкөсүнөн келген лидер айымдар да катышты.