Ысык-Көл, 06.08.26 /Кабар/. Инвесторлорду ички же тышкы деп бөлбөй, аларга бирдей шарттарды түзүп берүү зарыл. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, инвесторлордун долбоорлору Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө зор салым кошуп келет. Ири долбоорлорду ишке ашыруу олуттуу суммадагы капиталды талап кылат, ал эми жумшалган каражатты кайтарып алуу үчүн көп убакыт керектелет.
“Ошол себептен жер тилкелери 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилүүдө. Себеби кыска мөөнөткө ири инвесторлор келбейт”, — деди минкаб төрагасынын биринчи орун басары.
Ошондой эле Амангелдиев Кыргызстанга эң көп инвесторлор кайсы өлкөлөрдөн келерин айтты:
- 1-орунда — Россия;
- 2-орунда — Кытай;
- 3-орунда — Түркия, Германия жана Европа өлкөлөрү жана башка мамлекеттер.