Биз үчүн бул маданий салтты улантуу абдан маанилүү - Россиянын маданият министри

Маданият Загрузка... 29 Октябрь 2025 20:50
WhatsApp Image 2025-10-29 at 17.48.52.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.10.25 /Кабар/. Биз үчүн бул маданий салтты улантуу абдан маанилүү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышында аталган өлкөнүн маданият министри Ольга Любимова билдирди.

Министр маданият күндөрү эки өлкөнүн ортосунда жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан жакшы салтка айланганын белгилеп, “Бир жылы Кыргызстан маданият күндөрү менен Москва, Санкт-Петербург шаарларына барып жатса, кийинки жылы Россия Бишкек шаарына келүүдө.

Өткөн жылы биз Кыргызстандын заманбап жана даңазалуу кинематографын тосуп алганбыз. Андан сырткары, Москвадагы Чоң театрда (Большой театр) өтө кереметтүү жана кызыктуу концерт өткөн.

Быйыл болсо биз жооп иретиндеги сапар, атап айтканда маданият күндөрү менен келип отурабыз. Анын алкагында Россиянын эл артисти Сергей Жилиндин жетекчилиги астында жана “Фонограф-Симфо Жаз” оркестринин коштоосунда концерт өттү. Буга чейин Россия тасмаларынын күнүн расмий ачып келдик.

Алдыңкы күндөрдө жаңы чыккан, Россияда актуалдуу болуп жаткан кино тасмалар көрсөтүлөт. Андан сырткары, белгилүү режиссер Никита Михалков жетектеген Мастерская “12” театрынын спектаклдери менен гастролдоп келди.

Андыктан, биз үчүн бул маданий салтты улантуу абдан маанилүү”,-деди.

Белгилей кетсек, Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү Улуттук филармонияда салтанаттуу түрдө ачылып, Россиянын белгилүү эстрада жылдыздары жана таланттуу музыканттары катышкан концерттик программа менен уланууда.

Эртеңден тарта 2-ноябрга чейин маданият күндөрүнүн алкагында россиялык акысыз тасмалар көрсөтүлүп, театр сүйүүчүлөрү “12” театрынын спектаклдерине күбө болушат.