Бишкек – Токмок каттамына кошумча кичи автобустар киргизилди

Аймак Загрузка... 03 Февраль 2026 13:41
WhatsApp Image 2026-02-03 at 10.11.06.jpeg

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти Чүй–Бишкек аймактык башкармалыгы менен биргеликте Бишкек–Токмок багытындагы жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус каттамдарына текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактар аркылуу кечки саат 19:00дөн кийин Бишкек–Токмок каттамында кичи автобустар жүрбөй, жүргүнчүлөр такси кызматын пайдаланууга мажбур болуп жатканы жөнүндө арыздар түшкөн. Кɵйгɵй чыккан каттамдарга мониторинг жүргүзүлгɵндɵ, жума жана ишемби күндөрү Бишкектен Токмокко каттаган жүргүнчүлөрдүн саны адаттагыдан кɵп болгондугу аныкталган.

Бул маселени чечүү максатында Транспорт департаменти №350 жана №353 маршруттук каттамдарды тейлеген компаниялардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Анда дем алыш күндөрү жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйөрү, ал эми кечки саат 20:00дөн кийин жүргүнчүлөр азайып, айдоочулар чыгымын жаба албай жатканы айтылды.

Жыйынтыгында каттамдардын жетиштүү санын камсыз кылуу жана жүргүнчү ташууну үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн кошумча кичи автобустар коюлуп, каттамдардын саны көбөйтүлдү.