Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ошол күнү саат 09:00дөн 10-июлга караган түнкү саат 03:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик, өндүрүш объекттеринде суу берүү токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
- Алма-Ата көчөсү;
- Чыгыш- 5 кичи району;
- Абдрахманов көчөсү;
- Элебесов көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейинки аймак;
- Чоң Чүй каналы жана Бакай-Ата көчөсү;
- Лебединовка айылы (Киров көчөсү боюнча ЧЧКдан Калинин көчөсүнө чейин);
- Луганская, Лермонтов, Ж. Баатыр көчөлөрү жана “Мадина“ базары.
”Суунун өчүрүлүшү диаметри 500 мм болгон эки шаардык суу түтүгүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу”, — деп айтылат маалыматта.