Бишкектин түштүк-батышында 2 күн газ болбойт

Коом Загрузка... 19 Сентябрь 2025 15:25
whatsapp_image_2023_4tyffN2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Бишкектин түштүк-батышында 2 күн газ болбойт.

«Бишкекгаз» газ кызматынан билдиришкендей, орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 23-24-сентябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Жал-29 кичи району, Тыналиев көчөсү, Масалиев көчөсү, Жайыл баатыр көчөсү, Репин көчөсү, Садырбаев көчөсү, Валдай көчөсү.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.