Аламүдүндө окуу китептеринин оордугу айтылды

Коом
Аламүдүндө окуу китептеринин оордугу айтылды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургуну 12 жылдык билим берүү программасынын окуу китептеринин салмагына жана мазмунуна байланышкан көйгөйлөрдү билдирди. Бул тууралуу ал президент Садыр Жапаровдун Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушуусунда айтты.

Жарандын айтымында, оор китептерди көтөрүүдөн балдардын ден соолугуна зыян келип, оор рюкзактар алардын бөйрөгүнө жана омурткасына терс таасирин тийгизүүдө.

Бул маселеге байланыштуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жаңы муундагы окуу китептери мамлекеттик стандарттардын негизинде катуу көзөмөлдөн өтөрүн түшүндүрдү. Анын айтымында, китептер салмагы, сапаты жана мазмуну боюнча текшерилип, илимий, илимий-педагогикалык, антидискриминациялык, гендердик жана экологиялык экспертизалардан өткөрүлөт. Ошондой эле апробациядан жана адаптациядан кийин гана мектептерге берилет.

Министр жаңы окуу китептеринин мурдагы басылмалардан айырмасы окуучулардын жаттап алуусуна эмес, ой жүгүртүүсүн жана жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталганында экенин белгиледи. Алар окуучулар үчүн китеп, акысыз берилүүчү жумушчу китеп жана мугалимдер үчүн деңгээлдик тапшырмалар камтылган материалдардан турат.

Ошондой эле башталгыч класстардын окуу китептери оордугун эске алуу менен экиге бөлүнүп, жарым жылдыкка ылайык чыгарылып жатканын айтты.

Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин салмагын жеңилдетүү зарылдыгын белгилеп, бул маселени эске алуу керектигин билдирди.

Анын айтымында, окуу китептерин басып чыгарууга 8,5 млрд сом бөлүү боюнча жарлык чыгарылган. Алдыдагы эки жылда 1-класстан 12-класска чейинки бардык окуучулар окуу китептери менен толук камсыздалып, аларды сатып алуу зарылдыгы жоюлат.

“Эки жылдын ичинде мектептерди толугу менен китеп менен камсыз кылабыз. 1-класстан 12-класска чейин бир дагы окуучу китеп сатып албайт. Баарын акысыз кылабыз”, — деди мамлекет башчысы.

Мындан тышкары, президент келечекте окуучуларды планшеттер менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн карап жатканын айтып, электрондук түзмөктөргө бардык окуу китептерин жайгаштыруу оор сумка көтөрүү көйгөйүн чечүүгө жардам берерин белгиледи.