Бишкек, 25.09.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында жаңы келген электробустар каттамга чыкты. Алар таң эрте ишке чыгып, жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин кабарчысы билдирет.
Бул заманбап транспорт каражаттары борбор калаадагы кадимки автобустарга салыштырмалуу салону кененирээк келип, үч эшиктүү, 28 орундуу жана ысык-суукта иштете турчу кондиционери бар экен.
№4 каттамдын айдоочусу Жаңыл Чанакованын айтымында жаңы келген электробустар айдоочуларга жагып жатат.
“Абдан сонун! Электробустар жаңы, жайлуу жана өтө ыңгайлуу экен. Эрте менен автобус паркынан 100% кылып кубаттап чыккам. Рейске бир чыгып келгенге 12% кетип, дагы 88% калды. Бир күндө 7-8 жолу рейске чыгам. Кубаты канча жолкуга жете тургандыгы бүгүн иш үстүндө белгилүү болот”, - деди ал.
Белгилей кетсек, алгачкы этапта №4, №10 жана №11 каттамдарына берилген электробустар каттай баштады. Бишкек мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, кийинки аптада №14, №66 жана №33 каттамдарына да электробустар чыгарылат.