Бишкектин түштүк тарабында ичүүчү суу убактылуу токтотулду

Коом Загрузка... 01 Сентябрь 2025 10:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек,01.09.25./Кабар/. Борбор калаанын түштүк аймагына ичүүчү суу убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрда таңкы саат 6:00дө борбор калаанын түштүк тарабын камсыз кылган диаметри 500 мм болгон суу түтүкчөсүндө авария болгон. Буга байланыштуу турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге эртең мененки саат 7:00дөн тарта ичүүчү суу өчүрүлдү.

Өчүрүү аймагы көчөлөр менен чектелген:

  • Масалиев - Ч. Айтматов пр. - Ы.Абдрахманов- Садырбаев;
  • Масалиев - Ч. Айтматов проспекти — Токтоналиев — М. Гшлиессер;
  • Жал -29, №95 мектептин түштүк тарабы.

Өчүрүү диаметри 500 мм болгон ВДНХ суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу.

“Бишкексууканал” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.