Бишкектин Түндүк айланма жолунун курулушу өз убагында бүткөрүлөт

Коом Загрузка... 08 Июль 2026 08:55
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев Түндүк айланма жолундагы реконструкция иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, курулуш иштеринин сапатына жана аткаруу мөөнөттөрүнүн сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.

"Жооптуу тараптарга бардык иштерди белгиленген графикке ылайык, сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Долбоордун ар бир этабы белгиленген талаптарга ылайык аткарылышы катуу көзөмөлдө болот", - деп жазды ал.