Бишкектин Түндүк айланма жолун асфальттоо иштери башталды

Коом 30 июль 2025 11:15
524749615_1060138152961597_2463910015465533611_n.jpg
524982448_1060138126294933_6698522996014010104_n.jpg
524995873_1060138216294924_8202275805427079547_n.jpg
525204420_1060138122961600_2168650693528104362_n.jpg
525932401_1060138209628258_7621873791370217269_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 30.07.25 /Кабар/. Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолун реконструкциялоонун алкагында подрядчы тарабынан асфальт тɵшɵɵ иштери башталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, жол кыймылынын интенсивдүүлүгү эске алынып, бир тараптуу асфальт басуу иштери аткарылууда.

6 тилкелүү унаа жолдун реконструкциясына 150дɵн ашуун атайын техника иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл анын 15 чакырымына асфальт төшөө пландалууда.

Тактап айтканда, 2025-жылы Алма-Ата – Бишкек – Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 чакырымы реконструкцияланат. Жолдун аталган тилкесинде (15 чакырым аралыгында) эки деңгээлдүү 4 жол түйүнүн куруу каралган.