Бишкектин отун-энергетикалык комплекси кышка 100% даяр – Энназаров

Коом Загрузка... 31 Октябрь 2025 12:40
WhatsApp Image 2025-10-31 at 12.43.42.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын отун-энергетика комплекси департаментинин отун базасы кышкы жылытуу мезгилине 100 пайыз даяр. Бул тууралуу аталган департаменттин директорунун орун басары Мирлан Энназаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБинде 329 миң тонна отундун запасы, 4 миң тоннага жакын мазут бар.

“Андан тышкары, “Газпром” компаниясы менен 89 млн куб метр газга келишимибиз бар. Кышкы жылытуу мезгилине отун базабыз 100 пайызга даяр. Бишкекке өзү план боюнча 1 млн 400 миң тонна көмүр керек. Мэрдин тапшырмасы боюнча ички өндүрүшчүлөргө басым жасап, 1 млн 200 миң тоннаны Кара-Кече кенинен алабыз. Казакстандан импорттоп 200 миң тонна гана көмүр алабыз. Кийинки сезондордо бул көлөмдү дагы кыскартууга аракет кылабыз. Анткени, жергиликтүү өзүбүздүн өндүрүштү колдошубуз керек”,- деди Энназаров.

Белгилей кетсек, түзүлгөнүнө бир жылдын жүзү болгон Отун-энергетика комплекси департаментинин максаты Бишкек ЖЭБи, “Бишкек жылуулук тармактары” жана “Бишкек жылуулук энерго” ишканаларынын башын бириктирип, ишин координациялоо жана күз-кыш мезгилине даярдыктарды бир багытта алып баруу.