Бишкек, 10.08.25. /Кабар/. Бишкектин Ленин районуна караштуу Орок айылынан чыккан өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орок айылында көрүстөндүн аймагындагы ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Учурда министр Бообек Ажикеев тилсиз жоону жеринде өзү көзөмөлдөп, жалындын жайылуу коркунучуна каршы аракеттерди көрүү ишин башкарууда.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 11:20дан тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 8 куткаруучу жана штаб тартылган.
Учурда өрт өчүрүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.