Бишкектин мэри Ош базарын иретке келтирүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Коом
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев Ош базарынын айланасын иретке келтирүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Мэриядан билдиришкендей, көчмө жыйындын жүрүшүндө Бейшеналиева көчөсүндөгү аялдамада унааларды, жүргүнчүлөрдү көзөмөлдөөчү инспектор Светлана Тургунбаевага жолугуп, инспектордун аткарып жаткан ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, тартипке чакырууну уланта берүүсүн, эмгек бааланарын билдирди.