Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ленин районундагы курулуш объектилерин текшерди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы алгач Чортеков көчөсүндөгү сейил бакка барды. Анда мэр начар орнотулган объектилерди демонтаждап, ордуна жаңыларын орнотуу милдетин койду.
Андан соң муниципалитеттин башчысы Орок муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы долбоордук кубаттуулугу 140 орундуу бала бакчанын капиталдык оңдоо иштери менен таанышты.
Балдар бакчасы медициналык кабинет, ашкана, кир жуучу жана коммуналдык бөлмөлөр менен жабдылат. Имаратта оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары актовый зал болот.
Бүгүнкү күндө ички жасалгалоо иштери бүткөрүлүп, видеокөзөмөлдөө тутумдары орнотулуп, электр иштери аягына чыгарылды. Сырткы иштер жасалды, имараттын фасады иретке келтирилди, аймагы асфальтталды. Учурда заманбап балдар аянтчасы орнотулууда.
Андан соң Бишкек мэри Ак-Өргө конушундагы долбоордук кубаттуулугу 100 орундуу бала бакчанын курулушу менен таанышты.
Учурда пайдубалын түптөө жана толтуруу иштери аяктады. Биринчи кабаттын мамыларын орнотуу, ошондой эле тосмо жана тышкы инженердик тармактарды орнотуу иштери жүрүп жатат.
Айбек Жунушалиев бала бакчаларды куруу жана реконструкциялоо иштерин көзөмөлгө алууну тапшырды. Курулуш учурунда бир катар экологиялык талаптарды эске алуу, ошондой эле балдардын коопсуздугуна, жумуштун сапатына жана мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аймактарын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу милдети коюлду.
Мындан тышкары, ал №3 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жаңы имараты менен таанышып чыкты. Учурда бардык курулуш иштери бүткөрүлдү. Имараттын жалпы аянты 150 чарчы метрди түзүп, 5 кеңседен турат.
Ошондой эле Мурман /Абакан көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактын уюштурулушу текшерилди. Учурда жеринде даярдык иштери башталды. Аймактын жалпы аянты 2,48 гектарды түзөт. Анда балдар аянтчасы, воркаут аянты жана чуркоо аянтчасы, отургучтар, көчө чырактары, шахмат столу бар чатыр, көчө үстөлдөрү жана урналар болот.
Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар мэри Айбек Жунушалиев курулуш учурунда аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу милдетин койду.