Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Баткен шаарында өткөн “Манас оюндары” республикалык мелдешинде Бишкек шаарынын командасы жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, жалпы командалык эсепте 1-орунду камсыздады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеште улуттук спорттун түрлөрү: кыргыз күрөшү, ордо, тогуз коргоол, айкүр (канталамай), салбуурун, жаа атуу, табак атуу жана ат үстүндө жаа атуу боюнча таймаштар болду.
Бишкек шаарынын курама командасынын жыйынтыктары:
•Кыргыз күрөшү — 1-орун (жигиттер), 1-орун (кыздар);
•Ордо — 1-орун;
•Тогуз коргоол — 1-орун;
•Айкүр (канталамай) — 2-орун;
•Жаа атуу — 1-орун (кыздар, 40 м), 1-орун (жигиттер, 50 м);
•Табак атуу — 3-орун;
•Ат үстүндө жаа атуу — 3-орун.
Белгиленгендей, Бишкек шаарынын курама командасынын бул жеңиши улуттук спорттун өнүгүүсүнүн жана спортчулардын жогорку аракетин далилдеп, борбор калаанын намысын республикалык деңгээлде татыктуу коргоого мүмкүндүк берди.