Бишкектин Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү жайдын аягына чейин жабылат

Коом Загрузка... 08 Апрель 2025 16:00
161766-1_1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon WWW

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Бишкекте 9-апрелден 31-августка чейин Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жол Фрунзе көчөсүнүн Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Ахматбек Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштерине байланыштуу жабылмакчы.

Иштин максаты - 1971-жылдан бери иштеп келе жаткан жана тез арада модернизациялоону талап кылган эскирген түтүктөрдү алмаштыруу.

Реконструкциялоонун алкагында түтүктүн диаметри 900 ммден 1000 ммге чейин көбөйтүлөт. Бул гидротехникалык режимди жакшыртат жана жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.