Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармактарын масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Фрунзе көчөсүнүн Касым Тыныстанов көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки негизги тилкелеринде инженердик коммуникациялар алмаштырылды.
Иш жүргүзүлгөн бардык тилкелер толугу менен калыбына келтирилип, казылган жерге асфальт төшөлүп, унаа кыймылы үчүн ачылды.
Белгиленгендей, иштер толук көлөмдө жана бекитилген графиктен эрте аяктады: биринчи тилке пландалгандан 14 күн эрте, акыркы тилке 6 күн эрте пайдаланууга берилди.
Эскерте кетсек, аталган тилкелерде жылуулук тармактары толук реконструкцияланып, диаметри 700 мм болгон эски түтүктөр диаметри 900 мм жаңыларына алмаштырылган. Бул модернизация аварияларды азайтууга, гидравликалык режимди жакшыртууга, жылуулук жоготууларын кыскартууга жана энергоэффективдүүлүктү жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Маалымат үчүн: Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук түйүнү 1971-жылдан бери (54 жыл) иштеп келген, бул анын нормативдик кызмат мөөнөтүнөн (25 жыл) эки эсе көп. Ошондуктан бул түтүктөрдү алмаштыруу өтө зарыл болгон.