Бишкектин эки районунда суу убактылуу өчүрүлөт

Коом 31 июль 2026 16:50
Бишкектин эки районунда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Бишкектин 3- жана 7-кичи райондорунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Мэриянын маалыматына ылайык, суу берүү 4-август саат 09:30дан тартып 5-август саат 02:00гө чейин токтотулат. Бул аралыкта турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо жана башка социалдык объектилерге суу берилбейт.

Чектөө суу түтүгүн алмаштыруу иштерине байланыштуу киргизилет.