Бишкектин чок ортосундагы жаңы жол кеңейдиби же тарыдыбы?

Коом Загрузка... 20 Ноябрь 2025 16:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Март айында Чүй проспектисинин Абдрахманов жана Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жер алдына заманбап комплекс куруу иштери башталган. Буга байланыштуу аталган жол тилкеси 7–8 айга жабылган эле. Учурда курулуштун негизги бөлүгү аяктап, жол ачылуу алдында турат. Мындан улам шаар тургундары бузулуп, кайра жасалган жол мурункусунан тарып, ичкерип кеткен деген таризде нааразычылыктарын билдиришүүдө. Бул жагдайга байланыштуу “Кабар” агенттиги долбоорду ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрү жана Бишкек мэриясынын Транспорт департаментинин кызматкерлери менен жолугуп, абалга тактоо жүргүздү.

Долбоордун жетекчиси Нариман Түлеевдин айтуусу боюнча, комплекстин долбоору Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген. 2 жылдык убакыт берилип, алты айдын ичинде бүткөрүлүүдө. Аталган жол 6-декабрда ачылат.

“Жол тарыган жок, тескерисинче мурункусуна караганда кеңейтилди. Мурун бул жерде, “Кыргызтелекомдун” алдында унаа токтотуучу жай бар эле. Ал алынды. Ал эми такси кызматындагыларга жаңы салынып жаткан 2 кабаттуу унаа токтотуучу жайдан орун берилет. Туурасы 7 метрди түзгөн, граниттелген эки катар тротуар болот”,-деди ал.

Коомчулуктун нааразычылыгын жараткан дагы бир жагдай – көчөнүн боюна салынып жаткан үч кабаттуу имарат.

“Сырткы көрүнүш бүтө электе эле кабатыр болгондор бар. Комплекс долбоордо бекитилгени боюнча, ашык-кеми жок курулууда. Курулуш иштерине байланыштуу алынган фонтан жана анын жанындагы ат эстеликтер кайра ордуна коюлат. Ал жерди "Айчүрөк" соода борборунун жетекчилиги жасаттырууда. Айланасы жашылдандырылат. Дарактар отургузулат. 24-декабрдан январь айынын башына чейин долбоор толугу менен аяктап, ишке берилет”,-деди Түлеев.

Мэриянын Транспорт жана жол-транспорту инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдиргендей, аталган жол тилкеси борбор калаага караштуу болгондуктан алардын көзөмөлүнө алынган.

“Башынан баштап биздин депаптамент жолдун салынышын, сапатын көзөмөлдөө милдетин өзүнө алган. Долбоорду компаниянын жооптуу кызматкери менен отуруп, өлчөмүн транспорт агымына, коомдук транспорттун жүрүшүнө ылайыктап ченеп чыкканбыз.

Азыр коомчулукта жол боюнча нааразычылыктар жаралып жатат. Тескерисинче, биз негизги жолду мурункуга караганда кеңейттик. Мурун 15 м болсо, азыр 16 м 10 см болуп калды. Автобустар көлөмдүү келгендиктен, аларды да эске алып, аялдаманы 55 метрге узартып бердик. Өзүнчө тилке бөлүнүп берилди. Мурункусу кыска болгондуктан, автобустар катары менен келгенде батпай тыгын болоор эле. Үстүнөн караганда жолдун ийри көрүнүп жаткандыгы дагы ошол аялдамага деп кеңейтилген жер.

Толугу менен бүтүп, жол белгилери, чийимдери коюлгандан кийин эл өзүнүн баасын берет деп ойлойм.

Долбоордун максаты – "Айчүрөк" жана "Чынар" соода борборлорунун айланасындагы тыгынды жоюп, унааларды жер алдындагы унаа токтотуучу жайга түшүрүү болгондуктан, капталда турган унаа токтотуучу жай дагы алынды”,-деди ал.

Белгилей кетсек, долбоор боюнча өтмөк заманбап стилде курулуп, 1-кабатка 200дөн ашуун унаа бата турган 8600 чарчы метр унаа токтотуучу жай, 2-кабатка соода-сатык, социалдык жана сервистик объектилер жайгаштырылып, эскалаторлор, лифттер салынып, майыптыгы бар жарандар үчүн шарттар түзүлөт деп белгиленген.

Курулуштун бюджети - 2 млрд сом. Долбоорду аукциондон “Ташболот Холдинг” жана “Old Bishkek” ЖЧКлары утуп алган. Аталган объекти аларга мэрия тарабынан 49 жылга ижарага берилген.

Ошондой эле долбоордун дагы бир пайдасы – 750 миң кишиге жумуш орду түзүлүп, жеке менчик ишканалардан 250 млн сомдук жана компаниянын өзүнөн 10 млн сомдук салык түшөт деп айтылган.