Бишкек, 10.08.25. /Кабар/. Бишкектин четиндеги Орок айылында тоо боорунан чыккан ири өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Бообек Ажикеев өрттүн жайылып кетүүсүнө ыкчам чараларды көрүүнү тапшырып, абалды өз көзөмөлүнө алууда.
Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн тутануусуна жарандардын чылым чегүүдө этиятсыз мамилеси себеп болгон.
Өрттөнгөн аянт болжол менен 100 гектарды түзөт.