Бишкектин четинде уюшкан жана террордук топтордун куралдары жашырылган жай табылды

Коом Загрузка... 08 Июль 2025 11:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун жана террордук топтун мүчөлөрүнүн куралдарынын жашыруун жайы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Бишкек шаарынын четинде ок атуучу куралдын "жашыруун жайы" аныкталып, андан 1 Калашников автоматы (АКС-74), 5,45 калибрдеги 15 ок менен магазин, кара маска (балаклава) жана бычак табылган.

Ыкчам маалыматтар боюнча, табылган Калашников автоматы мурда кримтөбөл К.Көлбаевдин жакын чөйрөсүндөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык болгон, автоматты болжолдуу түрдө 2014-2015-жылдары, тагырак айтканда 2015-жылдын июлунда УКМКнын атайын операциясынын жүрүшүндө жок кылынган террордук топтун мүчөлөрү да колдонушкан.

Алынган АКС-74 үлгүсүндөгү куралга жана ок-дарыларга мурда жасалган кылмыштарда колдонулган фактыларды аныктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.