Бишкек, 22.08.26. /Кабар/. Бишкектин бюджетинин киреше бөлүгү беш жылда бир нече эсеге өстү. Бул тууралуу мэриянын коллегиясынын жыйынында белгилүү болду.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, акыркы беш жылда бюджеттин кирешеси дээрлик 5,6 эсеге өстү. 2026-жылы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин такталган планы 47,8 млрд сомду түзөт.
"Алты айдын жыйынтыгында бюджетке 22,6 млрд сом түшүп, план 115,1 пайызга аткарылды. Натыйжада планда каралган көрсөткүчтөн 3 млрд сомго көп каражат түштү", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, салыктык кирешелер 14,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5 млрд сомго өстү. Салыктык эмес кирешелер боюнча план 103,3 пайызга аткарылды.