Көңүл буруңуз! 9-апрелде Бишкектин борборунда суу болбойт

Коом 6 апрель 2026 14:03
Көңүл буруңуз! 9-апрелде Бишкектин борборунда суу болбойт

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. 9-апрелде Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы Чүй проспектиси – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси – Жибек-Жолу проспектиси аркылуу Ала-Арча суусуна чейин – Турусбеков көчөсү – Баялинов көчөсү – Абдрахманов көчөсүн камтыйт.

Суу "Белинский" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

"Бишкексууканал" ишканасы тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.