Бишкектин бир катар көчөлөрүндө 8 күн ысык суу болбойт

Коом Загрузка... 28 Июль 2025 17:01
1753698790_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Бишкектин бир катар көчөлөрүндө 8 күн ысык суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 30-июлдан 6-августка чейин  жылуулук магистралдарынын белгилүү бир бөлүгү убактылуу өчүрүлөт.

Бул убакта Осмонкул көчөсүндө жайгашкан №3 насостук станциясына курулуп жаткан түтүктөрдү ЗПЗ-I жылуулук магистралындагы түтүктөргө кошуу иштери жүргүзүлөт.

Бул иштер жүргүзүлгөн мезгилде төмөнкү даректерде ысык суу берүү токтотулат:
• Чүй проспектиси, №46, 48, 50, 52, 125, 121 (административдик имарат), 123 (медресе);
• Герцен көчөсү, №95а, 51 (бала бакча);
• Гоголь көчөсү, №109, 111, 113, 107 (бала бакча);
• Суюмбаев көчөсү, №18, 80, 123/1, 73 (РОВД);
• Осмонкул көчөсү, №40б (жеке мектеп), 36 (Улуттук медициналык борбор);
• Киев көчөсү, №1б, 2б.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана   түшүнүү менен кабыл алууну  өтүнөт.