Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 21-июлдан 24-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаз" газ кызматы билдирет.
Убактылуу чектөөлөр орто басымдагы жер астындагы газ куурларын кайра туташтыруу иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
Газ берүү Чоң Чүй каналы (БЧК), Фучик, Дорожная, Юбилейная, Пригородная, Жаш Гвардия, Саадаев, Школьная, Коллекторная, Новая, Кыргыз көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Садовый жана Советский чолок көчөлөрүндө убактылуу өчүрүлөт.
Белгиленгендей, оңдоо иштери керектөөчүлөрдү коопсуз жана ишенимдүү газ менен камсыздоого багытталган.