Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күн газ болбойт

Коом 10 сентябрь 2025 12:00
Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күн газ болбойт

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күн газ болбойт.

«Бишкекгаз» газ кызматы маалымдагандай, орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 10-12-сентябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Айни көчөсү, Муромский көчөсү, Кривоносов көчөсү, Осмонов көчөсү, № 40 орто мектеби.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.