Бишкектин бир бөлүгүндө 4 күн газ болбойт

Коом Загрузка... 15 Сентябрь 2025 17:27
whatsapp_image_2023_XLuxuNg.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.09.25 /Кабар/. Бишкектин бир бөлүгүндө 4 күн газ болбойт.

«Бишкекгаз» газ кызматы билдиргендей, орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 16-19-сентябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Фучик көчөсү, ЧЧК, Ала-Арча дарыясы, Москва көчөсү, Кулиев көчөсү, Бөкөнбаев көчөсү, Дэн Сяопин көчөсү, Жангерчинов көчөсү, темир жол, Садыгалиев көчөсү, Б.Алыкулов көчөсү, Патрис Лумумба көчөсү, Профсоюзная көчөсү.

Газ өткөргүчүнүн тилкесин жылдыруу боюнча жумуштар көчөнү кеңейтүүгө байланыштуу Бишкек мэриясынын демилгеси менен жүргүзүлүүдө.

Бишкек газ кызматы өчүрүү учурунда альтернативдүү энергия булактарын колдонууну суранат.