Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күн газ болбойт

Коом Загрузка... 18 Апрель 2025 17:28
original-1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күн газ болбойт.

"Бишкекгаз" газ кызматы кабарлагандай, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 21-23-апрель күндөрү Т.Айтматов көчөсү, Фрунзе көчөсү, Курманжан датка көчөсү, Чүй проспектиси менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.