Бишкектин Арча-Бешик конушу жарыктандырылды

Коом Загрузка... 12 Март 2025 09:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Бишкектин Арча-Бешик конушу жарыктандырылды.

Мэриядан билдиришкендей, Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Арча-Бешик конушун жарыктандыруу иштерин улантууда.

Долбоордун алкагында Кең-Суу көчөсүнө кубаттуулугу 100 Вт болгон 20 заманбап шам чырактар орнотулган, ал эми тармактын ишенимдүү иштеши үчүн 750 метр өзүн өзү көтөрө турган изоляцияланган зым (СИП) тартылган.

“Эми бул жер коопсуз жана ыңгайлуу болуп калды”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда Шербет, Сары-Булуң жана Кызыл-Суу көчөлөрүнө жарык берүү иштери улантылууда.

Белгилей кетсек, бул жерде да адистер электр чубалгыларын орнотуп, чырактарды туташтыруу иштерин жүргүзүшөт.