Бишкектин айрым жерлеринде 4 күн газ болбойт

Коом 29 сентябрь 2025 11:20
Бишкектин айрым жерлеринде 4 күн газ болбойт

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 4 күн газ болбойт.

«Бишкекгаз» газ кызматынан билдиришкендей, төмөн жана орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

  • Алыбаев көч., Крылов көч., темир жол, Осмонов көч. – 1-2-октябрь күндөрү;
  • Мурманск көч., Гагарин көч., Садырбаев көч., Ахунбаев көч. – 29-30-сентябрь күндөрү.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.