Бишкек, 18.08.25 /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт.
«Бишкекгаз» газ кызматынан билдиришкендей, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 20-22-август күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:
Аламүдүн айылы, Древесная көчөсү, ГЭС-2 көчөсү, Гоголь көчөсү, Чернышевский көчөсү, ЧЧК, «Куликовский» кондитердик цехи.
«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.