Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт

Коом 6 октябрь 2025 16:50
Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт.

«Бишкекгаз» газ кызматы билдиргендей, төмөн жана орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 7-8-октябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Улук Тоо көчөсү, Корсаковы көчөсү, Кок-Кыя көчөсү, Батыш көчөсү.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.