Бишкектин айрым райондорунда жылуулук түтүктөрүнө сыноо жүргүзүлөт

Коом 29 Май 2025 09:45
501009239_1143475211161665_6760226407088387113_n.jpg
502399563_1143475284494991_502067419942755377_n.jpg
502585154_1143475197828333_818150975766228516_n.jpg
Алдыга
Артка
501009239_1143475211161665_6760226407088387113_n.jpg
502399563_1143475284494991_502067419942755377_n.jpg
502585154_1143475197828333_818150975766228516_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.05.25. /Кабар/. «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы ысык суу берүү алдында жылуулук түтүктөрүн текшерүүдөн өткөрөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 29-30-майда Бишкек шаарынын төмөнкү аймактарында жылуулук тармактарын тыгыздыкка текшерүү иштери жүргүзүлөт.

  • Жал кичи району;
  • Газ жана Совмин шаарчалары;
  • Кудайберген базары (Аскер шаарчасы);
  • Темир жол ооруканасы жана №4 шаардык ооруканасынын аймагы.

Урматтуу шаар тургундары сыноо иштерине карата үйдөгү жана короодогу крандарды ачык калтырбоого чакырабыз, эгер кооптуу учурлар байкалса жана кошумча суроолор жаралса «Бишкекжылуулукэнерго» МИсинин байланыш номерине чалыңыз: 0(312) 49 00 86, WhatsApp +996 701 777 110

Эскерте кетсек, борбор калаабызга 1-июндан тарта ысык суу берилет. Андыктан суу агып кетпеш үчүн "Аристон" сыяктуу суу жылытуучу каражаттар өчүк болуусу шарт.