Бишкектин айрым райондорунда 29-сентябрда суу өчүрүлөт

Коом Загрузка... 24 Сентябрь 2025 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. 2025-жылдын 29-сентябрында саат 9:00дөн 20:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилеринде таза суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Анкара көчөсү — ББЧК, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсү.

Суу өчүрүү "ХБО" суу алгычындагы реконструкция иштери менен байланыштуу жүргүзүлөт.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.