Бишкектин айрым райондорунда 23–24-августта ысык суу өчөт

Коом 23 Август 2026 11:00
IMG_6264.jpeg

Бишкек, 23.08.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын Фрунзе, Панфилов, Логвиненко, Орозбеков көчөлөрүнүн жана Жибек жолу проспектисинин аймагында ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Чектөөлөр 2026-жылдын 23-августунда саат 07:00дөн 24-август саат 19:00гө чейин күчүндө болот.

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы билдиргендей, суунун өчүрүлүшү Фрунзе көчөсүндөгү инфратүзүмдү масштабдуу реконструкциялоонун алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу жумуштарына байланыштуу.

Ысык суу төмөнкү даректерде өчүрүлөт:

  • Панфилов көч.: № 188/2, 190, 190/1, 190/3, 200, 200А, 202;
  • Фрунзе көч.: № 495, 497, 499;
  • Логвиненко көч.: № 32, 55;
  • Орозбеков көч.: № 114, 116, 118, 120, 122;
  • Жибек жолу проспекти: № 328, 491.