Бишкектин айрым көчөлөрүндө 3 күн газ болбойт

Коом Загрузка... 18 Июнь 2025 11:35
2039960_730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Бишкектин айрым көчөлөрүндө 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, орто басымдагы газ өткөргүчүндө авариялык-кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 18-20-июнь күндөрү Садыгалиев көчөсү, Дэн Сяопин проспекти, Фрунзе көчөсү, Киров көчөсү, Темир жол менен чектешкен аймакта газ берүү токтотулат.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.