Бишкектин айрым даректеринде 3 күн бою ысык суу болбойт

Коом Загрузка... 02 Сентябрь 2025 17:50
540779202_1228705852638600_2033936716590082474_n.jpg
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Бишкектин айрым даректеринде 3 күн бою ысык суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрь саат 09:00дөн 6-сентябрь саат 16:00гө чейин Бишкек шаарындагы С. Кийизбаев көчөсү 1/3, 22/1, 22 даректеринде түтүктөрдү алмаштырууга байланыштуу ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен кабыл алууну суранат.