Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Бишкектин айрым бөлүктөрүндө 9-октябрда суу өчүрүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 9-октябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакт суу болбойт:
- Манас проспектисинен – темир жол линиясы Ала-Арча дарыясына чейин, Ала-Арча дарыясы менен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, Бөкөнбаев көчөсү менен Кулиев көчөсүнө чейин, Кулиев көчөсү менен Москва көчөсүнө чейин, Москва көчөсү менен Дмитров көчөсүнө чейин, андан ары Орозов көчөсү менен Казаков көчөсүнө чейин, Казаков көчөсү менен Д.Сяопин проспектисине чейин, Ала-Арча дарыясына чейин, Ала-Арча дарыясы менен Жибек Жолу проспектисине чейин, Жибек Жолу менен Жаш Гвардия бульварына чейин, андан ары М.Фрунзе көчөсүнө чейин, М.Фрунзе көчөсү менен Турусбеков көчөсүнө чейин, Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисине чейин, Чүй проспектиси менен Манас проспектисине чейин, Манас проспектиси менен темир жол линиясына чейин.
Ичүүчү суу «Запад-2» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.